Юнусалиев Б.М. "Манас" эпосуна кириш сoз
2. 2 болүм
"Манасты" изилдөөчүлөрдүн бизге белгидүүлөрүнүн бири — казак окумуштуусу Чокан Валиханов өткөн кылымдын ортосунда эпоско төменкүдөй баа берген: "Манас" эпосу "бир убакытка келтирилген жана бир адамдын — Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыз мифтеринин, жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы. Бул — талаа "Илиадасы" сыяктуу чыгарма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу, салты, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү жана эл-аралык мамилеси орун алган". Бул чындыкка ылайык берилген илимий аныктамага кошулбай коюуга болбойт.
Күндөлүк жашоо үчүн нан, суу кандай зарыл болсо, маданияттуу элде китеп да ошондой зарыл нерсе. Кыргыз элинин революцияга чийинки маданияты китеп түрүндө болгон эмес. Бирок кагаз бетине түшкөн илими жана искусствосу болбогону менен, элдин чыгармачылык таланты өрчүй берген. Толгон макал, ылакаптар, ар түрдүү лирикалык, какшык, санат ырлар, жөө жомоктор, поэтикалык узак жомоктор, толгон-толгон күүлөр, музыкалык пьесалар, буюмдарга кылдаттык мөнен түшүрүлгөн нечен түрлүү оймо-саймалар жана искусствонун башка формалары да элдин нечен кылымдардан берки чыгармачылык тажрыйбасынын натыйжасы болуп саналат.
Мына ошол ар кыл элдик чыгармалардын ичинен элге өтө сүйкүмдүүлөрүнүн бири жана көрүнүктүүсү – "Манас" жомогу. Жүздөгөн жылдар бою кыргыздар учүн бул эпос таалим алуучу роман китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарып келген.
Эпос – тарых эмес, бирок "Манас" эпосунун кыргыз элинан тарыхына тыгыз байлаиыштуу экенин танууга болбойт. Кыргыздардын башынан өткөргөн окуялуу доорлор, эл үчүн талыкпай кызмат кылган алдыңкы адамдардын образдары көркөмдүк формада жомоктон орун албай койгон жок.
Биринчи кезекте, эпосто этнографиялык фактылардын кең орун алгандыгын эске алуу зарыл. Анда айтылган негизинен мал чарбачылык менен өмүр сүргөн көчмөн уруулар, алардын турмушу, аталышы жана өз ара мамилелери, үй-бүлөнүн бир-бири менен болгон мамилеси, тамак-аштарынын, кийим-кечектеринин, үй-жайынын, урунган курал-жабдыктарынын аталышы, аш-тойлордогу салт-жөрөлгөлөрү, адамдардан бир-бири менен болгон мамилесиндеги каадалар, каармандардын мунөздөрү, алардын диний ишенимдери жана да башка толуп жаткан фактылар элдин мурунку замандардагы психологиясын жана турмушун изилдөөдө табылгыс материал болуп саналат. Кыргыздарга мусулман дини кийинки тарыхта маалым.
Бирок андан мурун алар кайсы динде болгондугун билүү үчүн эпос кызык материалдарды берет.Эпостун көпчүлүк элдик варианттарында Манас жана анын чоролору ант бергенде,алардын оозуна пайгамбарлардын аттары кирбейт, алар "төбөсү ачык көккө", "төшү түктүү жерге", асмандагы айга, күнгө, караңгы түнгө жалынышат. Буга караганда, жомоктун чыгыш доорунда же андан кийинчерээк кыргыздар көп кудайлуу диний ишенимде болгондугун байкоого болот.
Монголдордо жана Түштүк-Сибирь түрк калктарында учураган "жай-таш" жөнүндөгү миф, Алтайлыктарда ушул күнгө сакталган кыз тоюнда чачыла берүү жөрөлгөсү сыяктуу "Манаста" орун алган фактылар шаманизмге байланыштуу экендиги белгилүү [С. М. Абрамзондун макаласын кара. "Советская этнографня", № 2, 1947, 66. 141—143]. Аялдарынын сулуулугунда чек жок, бирок эркектери ит кейпинде экенин баяндоочу "Итаалы" жөнүндөгү миф Моңголдор менен Алтайлыктарда да учурайт.
Кейпин өзгөртүп, кубулуп кетүүчү жаныбарлар, адамга же атка канат бүтүп учуп кетүү, жер алдына түшүп кетүү, адам турүндөгү эбегейсиз зор күчтүү дөөлөр, укмуштуу перилер сыяктуу мифтер Орто-Азия жана Түштүк-Сибирь калктарынын фольклорунан көп учурайт.
Байыркы кыргыздар, башка элдер сыяктуу эле, коомдун балалык доорлорунда табигатка көбүрөөк байланыштуу болгон, бирок адамдын эс-акылы табигаттык кубулуштарды өз эркине багынтуу максатында иштеген, Зарыл болгондо күндү жаадыруу же токтотуу, канат бүтүп учуу, өлүмгө башы байланган адамды укмуштуу дары менен сакайтуу сыяктуу кыялдарды (фантазияларды) мына ошол умтулуштар менеи түшүндүрүүгө болот.
"Манас" эпосу кыргыз урууларынын өткөн кылымдардагы этнографиялык турмушунун жана мифологиясынын гана энциклопедиясы эмес, ал – кыргыз коомунун далай кылымдар бою башынан өткөргөн реалдык тарыхый окуяларын да көркөм чыгарма аркылуу билдирген баян болуп эсептелет. Граждандык тарыхта кыргыздар жөнүндөгү маалымат биздин эрага чейинки II кылымдан, башкача айтканда эки миң жылдан да мурун башталат. Ошол убактан бери элдин башынан нечен түрдүү оорчулуктар, жабырчылыктар, ар түрдүү кезеңдер өттү, Бир жагынан, эмгекчил эл өздөрүнүн ичиндеги эзүүчүлөрдөн, мисалы эпостогу Көбөш кан сыяктуу мыкаачы кандардан, зулумдардан жабыр тартса, экинчи жагьнан, элди талап, чаап кетүүчү баскынчылардан кордук көргөн. Бул жерде биз, асиресе байыркы жана орто кылымдарда Борбордук Азиядагы көчмөн уруулардын байыр алып бир жерде турбастан, биринин жерине бири өтүп, биринин малын экинчиси талап, чаап алып турганы жооперчилик доорду эске алышыбыз керек. Бул окуялардын саркындысы, мисалы кыргыздар менен казактардын, кыргыздар менен текестик калмактардын ортосунда, кыргыз урууларынын эле өз арасында жылкы тийип кетүү сыяктуу барымтачылык фактылары, кечээки эле убактарга чейин, Россияга кошулганга чейин орун алып келгендиги белгилүү. Мындай окуяларда оорчулук биринчи иретте калың эмгекчилердин башына түшкөн; бүт эл жабыр тартып, кызыл кыргынга учураган. Өткөн кылымдын биринчи жартысында эле орун алган, орустун саякатчы окумуштуусу П. Семенов-Тяншанский жазып кеткен сарбагыштар менен бугулардын Жуукудагы кызыл кыргыны буга ачык далил боло алат.
Кыскача айтканда, тарыхта улам арылаган сайын, уруулар ортосунда жана элдер арасында кагылыш-тартыштар көп болуп, андан элдин тарткан азабы ого бетер оор болгон деп түшүнүү керек.
Андай окуялар тарыхтан, тил жана адабият эстеликтеринен орун албай койгон эмес. VI-VIII кылымдарга тийиштүү Орхон – Енисей эстеликтери мына ошол тарыхый окуялардын четин гана эске салат. Ошол жазуулардын биринде, мисалы Сухондогу таштагы Күлтегиндин эстелигинде "Биз найза бойлобогон кардуу жерден жол салып, Көгмөн тоосун ашып түшүп, түнүчүндө уктап жаткан кыргыздардын таш-талканын чыгардык" деп жазылган [С. Е. Малов. Памятники древнетюркской письменности. М. — Л. 1951, стр. 32]. Бул – ошол VIII кылымдагы түрктөрдүн байыркы кыргыз урууларына жасаган казаттарынын бири гана. Кыргыз урууларына каршы болгон буга окшогон бзскынчылык казаттар байыркы уйгурлар (VIII-X кылымдар), кидандар (кара кытайлар, X-XII к.), монголдор (XII-ХШ к.), манжуулар, ойроттор, жунгарлар (калмактар, XVI-XVIII к.) ж. б. уруулар, элдер тарабынан VIII-XVIII кылымдарда, башкача айтканда миң жылдар бою орун алып келгендиги кытай жана башка азиялык, европалык элдердин тарыхында эчак маалым. Ушунчалык узак убакыттын ичинде улам үстөкө-босток кайталап турган баскынчылык чабуулдардын, кызыл кыргын согуштардын натыйжасында тарыхта белгилүү нечен-нечен уруулардын жана бүт элдердин дайыны чыкпай кетти. Мына ошондой татаал кезеңдерде аты өчүп кетпестен, өзүнчө элдигин сактап калган калктардын бири кыргыздар.
Албетте, кыргыздардын элдигин сактап келишинин толгон себептери бар. Ошол көп себептердин ичинде тыштан келип кол салган жоого каршы элдин башын кошуп, баштап чыгуучу ары акылман, ары баатыр, Манас, Бакай, Кошой, Семетей, Каныкей, Айчүрөк, Сейтек, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Күлчоро сыяктуу эл коргогон эрлердин болушу чоң мааниге ээ. Бул аталган баатырлардын ысымдары граждандык тарыхка туура келе койбостур, бирок алар – реалдык турмушта болгон баатырлардын көркөм чыгармада калган элеси. Ошондуктан да "Манас" жомогу граждандык тарых эмес, көркөм чыгарма, эпос.
"Манас" эпосу кыргыздардын өткөн доордогу коомдук экономикалык мамилеси, идеологиясы, кайсы элдер менен мамиле жасагандыгы, кайсы географиялык пункттарда жашагандыгы жөнүндө да толгон маалыматтарды бере алат.
Мына ошондуктан, "Манас" эпосун кыргыз элинин өткөн кылымдардагы турмушу жөнүндөгү монументалдуу эстелиги, анын өмүр баяны жөнүндөгү өзүнчө бнр энциклопедиясы деп кароого болот.