Кириш соз
Элдик эпоско таандык көркөмдүктү сактоо максатында, табийгатка каармандарга, баатырлык мелдештерге, тулпарларга, жаныбарларга ж. б. берилген күчтүү сүрөттөр, сыноолор, таасирлүү ырлар башка варианттардан алынып, бириктирилген варианттын образдары, сүрөттөрү күчөтүлдү. Түзүүчүлөр тарабынан кыскартылып алынган Саякбайдын вариантынын сюжеттик сызыгына мазмуну жана түзүлүшү жагынан жакын турган айрым эпизоддор да башка варианттардан кыскартылып кошулду. Ушул максатта эпостун биринчи бөлүгүндө, асиресе Сагынбай Орозбаковдун варианты көбүрөөк пайдаланылгандыгын айта кетиш керек.
Кыскача варианттын биринчи бөлүгүнүн биринчи китебине андай эпизоддордон Сагымбайдын айтуусу боюнча: Манастын төрөлүшү жана бала чагы, Байдын Алтайлык кыргыздарды издеши, Алтайлык кыргыздардын Ала-Тоого көчүшү, Манастын колунун Алооке канды кууганы, Алманбеттин Манаска келиши жөнүндөгү ырлар, Шоорук кан менен согуш жана Араниктеги окуялар киргизилди. Манаска, Каныкейге, Аккулага берилген сындар Сагымбайдын кээ бир ырлары менен күчөтүлдү.
Экинчи китепке киргизилген "Көкөтөйдүн ашынын" башталышы жана андагы шаан-шөкөттөрдү сүрөттөөлөр, "Чоң казаттын" биринчи бөлүгү бүт дээрлик психологиялык окуяны күчтүү жана көркөм бере алган Сагымбайдын варианттарынан алынды. Айрым окуялардын деталдары, мисалы Каныкейдин "Чоң казатка" аттанган чоролорду жабдышы, Алманбет менен Чубактын чатагы, Кошой менен Жолойдун күрөшү, Коңурбай менен Манастын сайышы сыяктуу элестүү, көркөмдүк жагынан эсте каларлык сүрөттөр да Сагымбайдан алынып кошулду.
Биринчи китептеги "Манастын Каныкейге үйлөнүшү" жана "Олуя чалдын бүктөлүшү" жөнүндөгү окуялар, башка варианттарга караганда күчтүүрөөк болгондуктан, негизинен Молдобасан Мусулманкуловдун айтуусу боюнча алынды.
Жакыптын Алтайга сүрүлүшүн, Каныкейдин Таласка көчүп келишин, Алманбеттин өз элинен кетишин, "Чоң казаттын" орто жана аяк чендериндеги айрым главаларды түзүүдө Саякбайдын, Сагымбайдын, Багыштын, Ыбырай Абдырахмановдун, Молдобасандын, Шапактын варианттарындагы жакшы деп табылган үзүндүлөр, ырлар пайдаланылды.
"Манас" эпосунун он эседей кыскартылып берилишине байланыштуу, элге белгилүү бир топ майда окуялар бириктирилген вариантка кирбей калды. Жомоктун негизги каармандарына – Манаска, Бакай менен Каныкейге, Алманбет менен Сыргакка, Коңурбай менен Жолойго, Кошой менен Чубакка байланыштуу эпизоддор кеңирээк берилди да, экинчи катардагы каармандар туралуу, мисалы; кырк чоронун ар бирөө жөнүндөгү толук варианттарда өзүнчө айтылуучу окуялар, ошондой эле Манастын белгилүү курал-жарактарынын тарыхы да, көп учурда баяндалбастан кала берди. Каармандардын элесин көрсөтүүгө келгенде, баатырлыгы жагынан Манаска тетелеш, бирок өмүр баяны жагынан өтө трагедиялдуу Алманбеттин образын көрсөтүү иши өтө оор болду. Кыскартылган варианттын эң татаал биринчи бөлүгүн түзүүдө акын Кубанычбек Маликов абдан көп эмгек сиңирди.