Кириш соз
Эпостун ар бир бөлүгү композициялык курулушу богонча өзүнчө бүтүн чыгарма болуп көрүнгөнүнө карабастан, жогорудагы тыгыз байланыштардын негизинде, жалпы жолунан эпостун үч бөлүгү биригип, кыргыз элинин "Манас" эпосу делип аталат. Ошондуктан бириктирилген вариантта бүт эпос "Манас" аталып, анын "Семетей" бөлүгүнө арналган китептин башына да, Сейтекке арналган китептин башына да "Манас" деген наам берилди.
***
Өткөн кылымдардагы кыргыз урууларынын көргөн кордугун, жер оодарылышын, ички талаш-тартыштарын, биримдик үчүн, кол салган жоолордон сактануу үчүн күрөштөрүн сүрөттөгөн баатырлык эпосто эл ата журттун коргоого ар дайым кашыктай канын, чымындай жанын аябастан, тайманбастык, ашкан эрдик көрсөткөн баатырларды, адамгерчиликтин эң күчтүү касиеттери катарында идеал, образ кылат. Мындай каармандардын элесин, образын сүрөттөөдөн эл көркөмдүк каражатын эч аябайт. Эл баатыр туула электе эле:
Эл башына күн тууса,
Эл жараткан эр келет, -
деп элди коргоочу эрдин пайда болушун эңсейт. Ушундай баатыр – Манас туула электе эле Чыйырды жолборстун жүрөгүнө талгак болот, анын аты кытайлардын бичигине ("бичиг" - моңголчо "кат") чийилет, жаңы төрөлгөн баланы кара жер араң көтөрөт. Андан кийинки сүрөттөөлөр баатыр Манастын бала чагынан баштап, анын дүйнөдөн кайтканына чейин, ошол эле пафосто, ошол эле деңгээлдеги көркөмдүк стиль менен жүрүп олтурат. Манастын элеси кийген кийиминен, асынган жоо-жарагынан, минген тулпарынан, өзүнүн сырткы көрүнүшүнөн тартып, кан-тамырына чейин чылк баатырдын элеси. Сүйгөн баатырын, Манастын образын эл өзүнүн дүйнөдө эң эле жакшы көргөн жана чен жеткис нерселерине салыштырат:
Жаркынынан бүткөндөй,
Ай алдында булуттун
Салкынынан бүткөндөй,
Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Манас бир мүчөлүнө жете электе эле катылган жоону какшатат. Алтайга сүрүлүп барган кыргыздар бала Манасты өзүнө башчы кылып алып, өскөн эл, тууган жерине – Ала-Тоого жетүүнү көксөйт:
Көңкү кыргыз болгону
Көрө турган күн бар го?!
Иче турган суу бар го?!