Кыргызские пословицы и поговорки на букву "Ч": 894-903
894. Чагым өлтүрөт, мактоо жеткирет.
Клевета убивает, похвала подбадривает.
895. Чаккан өлтурөт, мактаган жеткирет.
Хула убивает, похвала (до цели) доводит (ободряет).
896. Чакырганга барбаган, ымдаганга зар болот.
Кто не идет по приглашению, будет жадно ждать, когда (только) подмигнут - т.е. позовут.
897. Чакыргандан калба, өзүң басып барба.
Когда зовут - не отказывайся, но сам не ходи.
898. Чапанчанга камчы чапса, көйнөкчөнгө дөө кетет.
Хлестнешь того, кто в халате, а больно тому, кто в рубашке; паны дерутся, а у холопов чубы трещат.
899. Чапкан сайын көз чыкпайт, айткан сайын кеп өтпөйт.
Не от каждого удара выскакивает глаз, не каждое сказанное слово имеет действие.
900. Чапсаң - чарчарсың, желсең - жетерсиң.
Поскачешь - устанешь, побежишь трусцой - догонишь.
901. Чатактын жайы - кан чыгат, кагыштын жайы - жан чыгат.
При скандале кровь прольется, при схватке - душа вон.
902. Чачтарач менен сүйлөшсөң, устара менен кайрагын айтар.
Если заведешь речь с парикмахером, он будет говоришь об оселке и бритве; кто о чем, а мы о своем.
903. Чегирткенин алын көр да, канын сор.
Посмотри на (состояние) кузнечика, потом кровь его соси; что барыша обидеть голыша?