Кыргызские пословицы и поговорки на букву "К": 611-620
611. Күчтүү күчсүздү жеңет.
Сильный побеждает слабого.
612. Кыз баласы - кызыктырат, уул баласы - ууктурат.
Дитя дочери веселит, дитя сына огорчает.
613. Кыз — конок.
Дочь - гость (в доме родителей).
614. Кыз экенде - кызыл кыз, жаман катын кайдан чыкты?
Все девицы - ангелы, а откуда жены - черти берутся? (букв.: в девицах - скромная девица, откуда же появилась дурная жена).
615. Кыздын көзү кызылда.
Девка любит красное (букв.: глаза девицы на красном).
616. Кызы боозуп, энесин коркутат.
С больной головы на здоровую (букв.: дочь, забеременев, мать свою пугает).
617. Кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет.
Голод - не тетка (букв.: красная глотка далеко заставляет прыгать).
618. Кызыл от кысыр болбойт.
Красный огонь яловым не бывает (если развели огонь, значит будут готовить пищу).
619. Кылар ишти кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп.
Сделал все шито-крыто; обделал дело и помалкивает.
620. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт.
Рана, нанесенная мечом, заживает, рана, нанесенная языком, не заживает.