Кыргызские пословицы и поговорки на букву "К": 571-580
571. Көп жойлогон түлкү ачтан өлөт.
Много рыскающая лисица с голоду дохнет.
572. Көп - коркутат, терең - батырат.
Масса - устрашает, глубина - поглощает.
573. Көп менен көргөн - той.
На миру и смерть красна (букв.: что испытал вместе с многими - это пир).
574. Көп түкүрсө, көл болот.
Если множество плюнет, будет озеро; с миру по нитке - голому рубашка.
575. Көпсөң - жарыласың, толсоң - төгүлөсүң.
(О заносчивом) вздуешься - лопнешь, наполнишься - прольешься.
576. Көптү жамандаган көмүүсүз калат.
Кто много хулит, тот останется без погребения.
577. Көрбөгөн ой - чуңкур көп.
Неизведанных ям и впадин много.
578. Көрбөйт деп, ууру кылба.
Не воруй, полагая, что не увидят.
579. Көрбөс төөнү да көрбөйт.
Кто не видит, тот и верблюда не заметит.
580. Көргөн - көргөнүн кылат, көсөө - түрткөнүн кылат.
Видевший делает то, что видел, а ожег -то, на что натолкнут.