«Классикалык изилдөөлөр жана тексттер» сериясынын бул томуна З.Бектенов тарабынан даярдалган «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунун кара сөз түрүндөгү баяндамасы берилди. Анда эпостун туруктуу, салттык окуялары камтылган. Манастын сюжети Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдердин варвианты боюнча түзүлдү. Ошондой эле З.Бектеновдун эпос тууралуу макалалары киргизилди. Китеп фольклористика, манастаануу адистиги боюнча эмгектенген окумуштууларга, жогорку окуу жайлардын филология факультеттеринин студенттерине, аспиранттарга жана элдик маданий мурастарга кызыккан жалпы окурмандарга сунуш кылынат.